Айдай мектепке чейинки билим беруу уюмунун кошумча мызыкалык залынын ачылышы
«1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык кунуно» карата Айдай мектепке
чейинки билим беруу уюмунун кошумча музыкалык залынын ачылыш аземи
31.05.2024-жылы болуп өттү.Ачылыш азем музыкалык залдын лентасын
кесүү менен башталды. Ачылыш аземге Тогуз-Торо райондук мамлекеттик
администрация башчысы Манас Мураталиев,Каргалык айыл аймагынын айыл
өкмөт башчысы Зууракан Эсенкановна,Каргалык айылдык кеңешинин
төрагасы Таалайбек Токтоболотов, Каргалык айылдык кеңешинин
депутаттары,РБББ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Залкар
Ажыбаев, Ардагерлер кеңешинин төрагасы Жапараалы Казыбаев,ардагер
аксакал Ындыз Даткаев катышты.
Аким балдардын эл аралык майрамы менен удаалаш музыкалык залдын
ачылышы менен куттуктап,балдарга бекем ден соолук,бактылуу балалык жана
тарбичылардын иштерине чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Зууракан Эсенкановна
балдарды жана жалпы жамаатты майрамы менен куттуктап,иштерине ийгилик
каалап Каргалык айыл өкмөтүнүн жана Каргалык айылдык кеңешинин
депутаттарынын атынан балдардын заманбап өсүп өнүүгүсү үчүн бир даана
баасы 170 000 (жуз жетимиш миң) сомдук Интерактивдүү панель алынып
бериле тургандыгын айтып сертификат тапшырды.
Ачылыш аземде бала бакчанын жогорку тайпасынын тарбиялануучулары
тарабынан “Бактылуу балалык-бактылуу келечек” аттуу концерттик программа
тартууланды.Ачылыш аземди жыйынтыктап бала бакча директору Бекжан к
Эльгиза балдарды майрамы менен куттуктап,келген конокторго ыразычылыгын
билдирди. Тогуз-Торо районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Жапараалы
Казыбаевич бала бакчанын тарбиялануучуларына жана эмгек жамаатына
батасын берди.
Комментарии